"Спутник V" алгам, антитело калыптанды. Путин жалпы вакцинация тууралуу

Президент Путин эмделгендер дагы ооруп калышы мүмкүн экенин айтып, бирок кесепети алда канча жеңил болорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин түз эфир учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өзү коронавируска каршы кайсы вакцинаны алганын жана эмдөө тууралуу оюн жалпылап айтып берди.
"Атаандаштыкка таасир этип койбоюн деп башында вакцинанын аталышын айткан эмесмин. Бирок кызыккандар көп болуп жаткандыктан"Спутник V" вакцинасы менен эмделгенимди ачыктап коюуну туура көрдүм. Вакцинаны жеңил кабыл алдым. Бир гана жолу дене табым 37.2 градуска көтөрүлүп, кайра түштү. 20 күндөн кийин текшерилсем, жогорку деңгээлдеги антитело пайда болгонун айтышты", — деди Путин.
Ошондой эле ал кызы дагы дал ушул вакцинаны алганын кошумчалады.
Президент эмделгендер дагы ооруп калышы мүмкүн экенин айтып, бирок кесепети алда канча жеңил болорун билдирди.
Организмди вакцинацияга кантип даярдоо керек. Дарыгердин кеңеши
"Вакцина алуу керек. Ооба, эмделгенден кийин деле ооруп калгандар болуп жатат. Андай учурлар атактуу адамдардын арасында, өзүмдүн тегерегимде деле болууда. Мисалы, жакында эле кесиптештеримдин бири вакцинадан кийин ооруп калды. Бирок бир нече күндөн кийин эле жумушка чыкканын айтышты. Демек, оору жеңил өтүп, кесепети мурдагыдай оор болбой калат", — деди президент.
Мындан тышкары, ал Россия жарандардын саламаттыгын коронавирустан кийин калыбына келтирүү системасына катуу көңүл бурула баштаганын кошумчалады.