Вакцинаны жарым жылда бир сайдырып туруу керектиги айтылды

Роспотребнадзор өкүлү вирус дүйнөдө жайылып турган мезгилде эмдөөдөн улам өтүп туруу маанилүү экенин билдирип, анын убактысын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Пандемия маалында коронавируска каршы вакцинаны алты ай сайын алуу керек. Бул тууралуу Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов билдиргенин РИА Новости билдирди.
"Оору дүйнөдө жайылып турганда антилелонун деңгээлине карабастан ар жарым жыл сайын эмдөөдөн өтүп турушубуз керек", — деген Горелов "Россия сегодня" агенттигинин пресс-борборунда өткөн жыйынында.
Былтыр августта Россия дүйнөдө биринчи жолу коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын чыгарган. Андан кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" препараттары чыгарылса, жакында эле "Спутник Лайт" вакцинасы каттоого алынды.