Тайырбек Сарпашев тил каттын негизинде бошотулду

УКМКдан билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштө Тайыр Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, тил каттын негизинде бошотту. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.
"Биринчи май райондук соту Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, сот иштери аягына чыкканга чейин эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотту", — деп айтылат маалыматта.
Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео
Белгилей кетсек, Сарпашев Кумтөр ишине тиешеси бар делип 18-июнда кармалган. УКМКдан билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштө мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган. Муну менен катар Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыгын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери болгондугу айтылат.
Ошондой эле Сарпашев өкмөттөгү жооптуу кызматтарды ээлөө менен мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы кошумчаланган.