Сузак, Базар-Коргон жана Ноокенде сугат суу көйгөйү чечилди. Сүрөт

Облус башчысы суунун көлөмүн өзү барып көргөн. Учурда Кара-Дарыя каналынан эгин талааларына секундасына 50 куб метр суу агып жатканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда сугат суу маселеси чечилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндөгү Жийде айылынан өткөн каналга барып, суунун көлөмүн көрдү.
2 / 2
Учурда Кара-Дарыя каналынан Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы эгин талааларына секундасына 50 куб метр суу агып жатат.
Ага ылайык, Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндөгү Жийде айылынан өткөн каналга барып, суунун көлөмүн көрдү. Учурда Кара-Дарыя каналынан Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы эгин талааларына секундасына 50 куб метр суу агып жатат.
"Ага чейин, 28-июнь күнү, суу көйгөйү менен Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы төрт айылдын эли өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө келишкен эле. Бул жагдайды облус башчысы көзөмөлүнө алып, маселени кыска убакытта чечүү аракеттери көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үч жылдан бери Кемпир-Абад суусунан Кара-Дарыя каналы аркылуу суу берүү токтоп, дыйкандар зыянын тартып келген. Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат.