Зулушев: баары прокуратурада иштөөнү оңой ойлойт, бирок 80%ынын үйү жок

Зулушевдин прокурорлордун 70-80 пайызынын жашай турчу менчик үйү жок экенин белгилеп, бул да чоң көйгөй экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Баары прокуратурада иштегендердин жашоосу жеңил деп ойлойт, бирок кызматкерге коюлган талап менен маянасы дал келбейт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, прокуратура органына жумушка алынган жаш кызматкерлер бир-үч ай, алты ай же бир жыл иштеп эле арыз жазып кетип калууда.
"Себеби эмгек акы аз, региондорго жөнөтсөң жатакана берилбейт, айлыгы жатаканасына кетет да, тамак-ашына жетпей калат. Ушундай көп жагдайлардан улам бүгүн прокуратурада кадр маселеси аксап турат. Бардык жарандар прокуратурага келсе эле жашоо жеңилдейт деп ойлойт. Бирок ал жердеге талап менен берилген маяна дал келбейт", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал прокурорлордун 70-80 пайызынын жашай турчу менчик үйү жок экенин белгилеп, бул да чоң көйгөй экенин айтты. Андыктан тез арада бул маселелерди чечүү зарылдыгын билдирди.