Кыргызстан Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын сатып алды

Вакцинанын аталган түрү Кыргызстанга жакын арада атайын чартердик каттам менен жеткириле турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Организмди вакцинацияга кантип даярдоо керек. Дарыгердин кеңеши
Сатып алынган вакцинанын 1,1 миллион дозасы жакын арада Кыргызстанга атайын чартердик каттам менен жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинери айтылды.
"Министрлер кабинети вакцинаны элди эмдөө процессин ылдамдатуу жана оорудан көз жумгандардын санын кыскартуу үчүн сатып алууда", — деп айтылат маалыматта.
Вакцинанын жеткирилишин жана калкты эмдөө процессин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзү көзөмөлдөй турганы кошумчаланды.