Вице-спикер Касымалиева: өлүм көбөйгөнүнө "аконитовый министр" күнөөлүү

Вице-спикер учурда коронавирустан каза болуп жаткандарга министрдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сындады.
Ал учурда коронавирустан каза болуп жаткандарга министрдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт.
"Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр "аконит" деп канча адамдын башын айлантты. Эми "аконитовый министрге" карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...", — деди вице-спикер.
Министр Бейшеналиев коронавирустан сакайып, ишке чыкты. Сүрөт
Мындан сырткары, ал кызыл зонада иштеген медиктер кошумча маянасын ала албай арызданып жатканын белгиледи.
Учурда ЖК депутаттары Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын соңку абал боюнча маалыматын угуп жатат. Министр Бейшеналиев ШКУнун эпидкырдаал тууралуу жыйынына катышып жатканына байланыштуу ордуна орун басары келген.