БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов прокуратурага жаш кызматкерлерди жумушка алып жатканда калп детектору менен текшерүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Учурда парламентте "Башкы прокуратура жөнүндө" мыйзам долбоору жана сунушталган жаңы кодекстер каралууда.
"Өзүмдүн атам прокурор болуп иштеген, бүт көйгөйлөрдү жакшы билем. Жаш кызматкерлерди тандоодо жаңы ыкмаларды колдонсок. Азыр дүйнөлүк алдыңкы компаниялар абдан керектүү кызматкерлерин калп детектору менен кызматка алат. Бул натыйжасын берип жатат. Биз ушул ыкманы прокуратурадан баштабайлыбы... Прокуратурага кызматка алуу процедурасына ушундай пунктту киргизип койсок кандай дейсиздер", — деди депутат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев калп детектору системасын колдонууга макул экенин жана караштырып көрүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Макешов КСДПнын тизмеси менен мандат алып, бүгүндөн тарта Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштады.