Пресс-борбор

Жыл башынан берки беш айда жол кырсыгынан 233 адам көз жумду

Инспектор жол кырсыктары көбүнчө айдоочулар жолдун каршы тилкесине чыкканда жана ылдамдыкты көбөйткөндө болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылдын беш айында 2 767 жол кырсыгы катталып, жалпы 233 адам көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгы көп катталууда. Аны кантип өзгөртсө болот?" аттуу тегерек стол өттү.
ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Каза болгондордон тышкары, акыркы беш айдын ичинде жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 4 302ге жетти. Бул статистика өлкөдө кырсыктардын саны өсүп жатканынан кабар берет. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыгы 48,7 пайызга, көз жумгандардын саны 17 пайызга, жабыркагандардыкы 47 пайызга өстү", — деди Сыдыгалиев.
Анын айтымында, автоунаа башкарганына бир жыл болгон айдоочулардын айынан катталган жол кырсыктары боюнча да анализ жүрүп жатат.
Статистика көрсөткөндөй, алар 207 жол кырсыгына себепчи болгон. Андан 20 адам каза таап, 323ү жабыркаган.
Сөөк ашуусундагы жол кырсыкта бир чек арачы каза болду
Сыдыгалиев Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбү айдоочулардын кайдыгерлигинен жана этиятсыздыгынан улам катталып жатканын белгилеген.
"Жолдун каршы тилкесине чыгуу жана ылдамдыкты көбөйтүү жол кырсыктарына негизги себеп болгон эреже бузуулар. Айдоочуларга автоунаа башкаруу маданиятын үйрөтүү керек. Бул боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Анын ичинде бекеттерде жүргүнчү ташыгандарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат", — деди ал.
Өлкөдө катталган жол кырсыктарынын көптүгүнөн президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырган.