БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жайкысын компьютер ысып кеткен учурлар көп болот. Эгер техника «кыйналып» бара жатса эмне кылуу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде "Чудо техники" долбоорунун адиси Евгений Мушинский айтып берди.
Анын пикиринде, компьютердин ысып кетишине бир гана аптаптуу аба ырайы эмес, башка дагы себептер болушу мүмкүн.
"Мисалы, ачык турган эшик-терезе аркылуу үйгө кирген бактын же чөптүн бүрү компьютерге бат жабышып, анын радиаторуна, кулерине аба киргизбей коюшу мүмкүн. Мындан улам компьютер ысып, айрым тетиктерине күч келет”, — деди Мушинский.
Ал компьютердин "кыйнала" баштаганы кантип билинерин айтып берди.
"Биринчиден, шуулдап үн чыга баштайт. Андан кийин жай иштеп, айрым учурда өзүнөн-өзү өчүп калат”, — деди адис.
Мушинский комьютерге чаң кирбеш үчүн бөлмөнү таза кармап, техниканын өзүн таза сууга нымдалган чүпүрөк менен сүрүп турууну сунуштайт. Ал эми чаң сордургучту пайдаланбаш керектигин айтат. Бул учурда техниканын маанилүү тетиктерине залака тийип калышы мүмкүн.