Волейболчу жигиттер Ферганада өтө турчу Азия зонасынын чемпионатына барат

Мелдешти өткөрүүнү КРдин Волейбол федерациясынын жетекчиси, Азия волейбол конфедерациясынын борбордук зонасынын башкы катчысы Элмурза Сатыбалдиев өзбекстандык кесиптеши менен бекиткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандын волейболчу балдары Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Азия зонасынын чемпионатына катышат. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.
Ага ылайык, бир эле убакта Кыргызстандын Волейбол федерациясын жетектеп, Азия волейбол конфедерациясынын борбордук зонасынын башкы катчысы болгон Элмурза Сатыбалдиев Өзбекстандын федерациясынын өкүлү Хусан Насруллаевди кабыл алган. Жолугушуу кечээ Бишкекте өткөн.
Анда тараптар 15-24-август күндөрү эркектер арасында Азия зонасынын мелдешин өткөрүүнү макулдашып, бекитишкен.
Радио
Сарбагишев: волейболдо кыздар арасында 200гө жакын команда бар
Насруллаев Сатыбалдиевге жылуу тосуп алганы жана ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан алдыдагы оюнду жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Мындан сырткары, эки тараптуу долбоорлор талкууланып, машыктыруучулук чеберчиликти өстүрүү, спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча меморандумга кол коюлган. Жакында эки өлкөнүн волейболчу кыздары Ысык-Көлдө чогуу машыгуу өткөргөнү айтылат.
Азия Волейбол конфедерациясынын борбордук зонасы 1,7 миллиард калкы бар 14 өлкөнү камтыйт жана Азиядагы ири федерациялардын бирикмеси болуп саналат. Бул аймакка волейбол мыкты өнүккөн Иран, Казакстан, Индия сыяктуу мамлекеттер кирет.
Сатыбалдиев башкы катчы болуп 2019-жылдын август айында шайланган.