Жапаров Тажикстандын негиздөөчүсү Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Сүрөт

Мамлекет башчы Тажикстанга кечээ, 28-июнда, расмий сапар менен эки күнгө барган. Ага чейин Түркмөнстанда болгону маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров бүгүн Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду
2 / 4
Билдирмеге караганда, Сомонинин эстелиги борбордун "Дусти" аянтына орнотулган
3 / 4
Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган
4 / 4
Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.
Билдирмеге караганда, Сомонинин эстелиги борбордун "Дусти" аянтына орнотулган. Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга кечээ, 28-июнда, расмий сапар менен эки күнгө барган.