Рахмон Жапаровду шаар четиндеги резиденциясына алып барып сейилдетти. Видео, сүрөт

Маалыматта кечки сейилдөөнүн максаты бейиштин төрүндөй кайталангыс ажайып жерин көрсөтүү болуп саналары жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин четиндеги "Бахор" резиденциясынан жолукту. Бул туурасында Тажикстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган резиденция Варзоб районунда жайгашкан, ал жакка баруунун максаты — туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу экени айтылат.
1 / 7
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин четиндеги "Бахор" резиденциясынан жолукту.
2 / 7
Аталган резиденция Варзоб районунда жайгашкан, ал жакка баруунун максаты — туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу экени айталат.
3 / 7
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров эки күндүк расмий иш-сапары менен кечээ, 28-июнда Душанбеге барган.
4 / 7
Жолугушу тууралуу кыргыз тарап азырынча маалымат тарата элек.
5 / 7
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин четиндеги "Бахор" резиденциясынан жолукту.
6 / 7
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Душанбенин четиндеги "Бахор" резиденциясы
7 / 7
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин четиндеги "Бахор" резиденциясынан жолукту.
"Шаар четиндеги резиденцияда мамлекет башчылар таза суусу бар ажайып жана уникалдуу жаратылышы менен таанышты. Кечки сейилдөөнүн максаты биздин бейиштин төрүндөй кайталангыс ажайып жерибизди көрсөтүү болуп саналат", — деп жазган Тажикстандын президентинин маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров эки күндүк расмий сапары менен кечээ, 28-июнда, Душанбеге барган. Жолугушуу тууралуу кыргыз тарап азырынча маалымат тарата элек.