Прокуратура органынын ардагери Азат Алсеитов дүйнө салды

Алсеитов прокуратура органында отуз жылдан ашуун ар кандай кызматтарда иштеген. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы үчүн бир топ сыйлыктарга татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов кечээ, 28-июнда, 64 жаш курагында дүйнө салды.
Азат Алсеитов 1957-жылдын 12-апрелинде Нарын шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Оттук орто мектебин бүтүп, эмгек жолун Ат-Башыдагы "Кирсельхозтехника" бирикмесинде жумушчу болуп баштаган.
Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов
Ал эми мыйзам талаасындагы ишмердүүлүгүнө 1979-жылы кадам таштаган. Караганда мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине өтүп, 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, укук таануу адистигине ээ болгон. 1987-жылдын октябрь айында прокуратура органдарына кабыл алынып, Фрунзе шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын стажеру болуп кызматын баштаган.
1991-жылдан тарта Ат-Башы, Жумгал райондорунда, Нарын облусунда, Нарын шаарында прокурорлук кызматтарды аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.
Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктарга татыган.