Жети ооруканада бош орун жок. Коронавирус жугузгандар кайда кайрылат

Ордо калаада коронавирус жуктурган бейтаптарды жалпы 14 оорукана кабыл алса, 29-июнь саат 8:00гө карата жети эле ооруканада бош орун калган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларында 73 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, ордо калаада коронавирус жуктурган бейтаптарды жалпы 14 оорукана кабыл алса, 29-июнь саат 8:00гө карата жети ооруканада бош орун калбай калган. Калган жети ооруканада жалпы 73 бош орун бар экени айтылды.