Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолугушту. Эмне сөз болду

Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилеси аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу максатында дагы да өнүгө берерине жана бекемделерине ишеним артышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен аскер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Министр башында турган Түркиянын аскердик делегациясы Бишкекке келген.
1 / 5
Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен аскер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
2 / 5
Министр башында турган Түркиянын аскердик делегациясы Бишкекке келген
3 / 5
Өмүралиев бул жолугушуу ведомстволордун ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшүнө, андан ары кеңейишине жана бекемделишине салым кошорун белгиледи
4 / 5
Өз кезегинде Хулуси Акар Түркия аскердик чөйрөдө пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууну толугу менен улантарына токтолгон
5 / 5
Ал ошондой эле коргоо жаатында өлкөлөр ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга жакынкы убактарда натыйжалуу чараларды көрөрүн билдирди
Өмүралиев бул жолугушуу ведомстволордун ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшүнө, андан ары кеңейишине жана бекемделишине салым кошорун белгиледи.
Өз кезегинде Хулуси Акар Түркия аскердик чөйрөдө пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууну толугу менен улантарына токтолгон. Ал ошондой эле коргоо жаатында өлкөлөр ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга жакынкы убактарда натыйжалуу чараларды көрөрүн билдирди.
Кытай Кыргызстанга аскердик унаа жана техника берди. Сүрөт
Жолугушууда кыргыз-түрк коргонуу мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги талкууланды. Мындан сырткары, кыргыз аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Түркиянын медициналык мекемелеринде жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча маселе ортого салынды.
Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилеси мындан ары да коргонуу ведомстволорунун кызматташтыгынын кызыкчылыгында да, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу максатында да өнүгүшүнө жана бекемделерине ишеним артышты.