Радио

Даакыбаев: турак жай кооперативинин расмий каттоодон өткөнүн кароо керек

Мамлекеттик ипотека компаниясынын мониторинг бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, юрист Алмазбек Даакыбаев турак жай кооперативдерине алданып калбоо үчүн көңүл бура турган жагдайларды санап берди.
Sputnik
Турак жай кооперативдери аркылуу там аларда алгач эле расмий каттоодон өткөн-өтпөгөнүн билип алуу керек. Бул тууралуу Алмазбек Даакыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калкты үй менен камсыз кылууда расмий иштеген турак жай кооперативдери жакшы иштерди аткарып келүүдө.
"Азыркы учурда турак жай кооперативдери көбөйүп кетти. Ошондуктан да эл буга чочулоо менен мамиле кылат. Бул бир чети туура, анткени айрым компаниялар шылуундук жол менен да иш алып барышы мүмкүн. Андыктан аталган кооперативдер кардарга кандай гана кызыктыруучу шарттарды сунуштабасын, үй алуучу шашпай, аны иликтеп чыгышы керек. Расмий каттоодон өткөнбү, канча убакытта канча жаранды турак жай менен камсыздай алышты, бүтүндөй республика боюнча иш алып барып жатышабы, расмий сайты барбы деген сыяктуу суроолоруна кооператив жооп бериши зарыл. Ошондон кийин гана каражатын салып кезекке турса болот", — деди Даакыбаев.
Ал өз кезегинде мамлекет да турак жай кооперативдеринин ишине көңүл буруп, мыйзамдык, финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: