Айдоо аянттары жеке менчикке берилип кеткенден бери ар ким өз үлүшүнө каалаган нерсесин тигет. Мунун натыйжасында жер иштетүү, ирригация системасы бузулуп, жыйынтыгында дыйкандар өздөрү эле зыянга учуроодо. Мындай пикирин Бакыт Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, мал чарбачылыгында деле коллективдештирүү системасын киргизүү зарыл.
"Биздин өлкөнүн айыл чарба тармагында климаттын өзгөрүшү, экономикалык кризистерден да олуттуураак көйгөй бар. Ал — фермерлер ар ким өз алдынча иш алып барганында. Мейли жер иштетүү болобу, же мал багуудабы, жакшы жыйынтыкка жетип пайда көрүү үчүн жамааттык системага кайтуу керек. Мисалы, азыр айдоо аянттары жеке менчикке берилип кеткен. Ар ким өзү каалаганын айдайт. Кошунасы сабиз сепсе, жанындагы дыйкан дарбыз айдап койгон. Ушинтип отуруп жердин кыртышы, сугат иштери бузулат. Мал чарбачылыгында деле ушундай. Малга тоют камдоодон баштап эмдөөгө чейинки бардык жумуштар коллективдүү аракетти талап кылат. Андыктан айыл чарба багыты кооперативдерге биригип иш алып барышы керек", — деди Мамытканов.
Ал малга тоют камдоодо кургак чөп, беде менен эле отура бербей ачытылган тоюттарга да көңүл буруу мезгил талабы экендигин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: