Евро-2020нын ай чырайлуу күйөрман кыздары. Стадиондон тартылган 15 сүрөт

Sputnik

Көз уялткан сулуулук. "Дүйнө чүрөгү — 2021" сынагынын керемет сүрөттөрү
Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф баскычы аяктап калды. Мелдештин кызып турган учуру. Анда футболчулар эле эмес, аларга күйөрман болгон ай чырайлуу фанат кыздар да сүрөтчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурууда.

Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Евро-2020 мелдешиндеги ажарлуу кыздарды көрүңүз.

1 / 15
Футбол боюнча Европа чемпионаты кызуу жүрүп жаткан чагы. Сүрөттө украиналык күйөрман кыз Бухарест шаарында ойноп жаткан өз өлкөсүнүн оюнчуларын сүрөөнгө алууда.
2 / 15
Кээде оюн талаасын эмес, күйөрмандар жакты караган кызыктуу болот. Севильяда өткөн оюнга катышкан польшалык кыз.
3 / 15
Беттештин башталышын күтүп отурган хорватиялык күйөрман кыз
4 / 15
Оюн учурунда футболчулар эле эмес, аларга күйөрмандык кылган ажарлуу кыздар да сүрөтчүлөр менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурат. Сүрөттө Баку шаарында өткөн оюнга келген түркиялык кыздар.
5 / 15
Италиялык күйөрман кыз оюн алдында
6 / 15
Түркия менен Уэльстин беттешине бара жаткан азербайжандык фанат кыз
7 / 15
Россиялык күйөрман кыздар Россия менен Бельгия командаларынын беттешинде
8 / 15
Санкт-Петербургда (Россия) өткөн матчта оюн талаасына чуркап чыккан фанат бийкеч
9 / 15
Россиялык күйөрман кыз Санкт-Петербургдагы оюнду күтүүдө
10 / 15
Украиналык селки Бухаресттеги беттештин алдында бийлеп жатат
11 / 15
Түндүк македониялык фанат кыз Амстердамда Нидерланддар менен ойногон командасына күйөрмандык кылууда
12 / 15
Евро–2020 мелдешиндеги беттешти Санкт-Петербургда фанаттар жайынан көрүп жаткан күйөрман чүрөк
13 / 15
Италиялык кыз Рим шаарындагы Пьяцца-дель-Пополо аянтында Италия — Уэльс беттешинде командасына күйөрмандык кылууда
14 / 15
Көңүлү чөгө түшкөн күйөрман селки
15 / 15
Глазго шаарындагы фанзонадан Евро–2020 мелдешинин беттешин көрүп жаткан шотландиялык кыздар