Радио

Рахатбек кызы: бруксизм дарты бар адамдын бет түзүлүшү төрт бурчтук болот

Бишкек шаарындагы алдыңкы эстетикалык клиникалардын биринин практикалык косметолог-эстетиги Гүлжамал Рахатбек кызы бруксизм беттин формасынын өзгөрүшүнө алып келерин айтты.
Sputnik
Эстетикалык медицина жактан алып караганда, бруксизм жаак булчуңдарынын чыңалуусунан келип чыгат. Мындан улам беттин формасы өзгөрөт. Бул тууралуу Гүлжамал Рахатбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бруксизмде ботокс жаак булчуңдарына жарым жылда бир сайылат.
"Тишин кычыраткан адамдардын жаак булчуңдары чоңоюп, бет түзүлүшү төрт бурчтук болуп калат. Буга чейин аталган дартты дарылоодо ооруну басаңдатуучу дарыларды, мануалдуу терапия, физиодарылоо колдонулуп келген. Азыркы учурда ботулинотерапия өзүнүн жакшы артычылыктарын көрсөтүп жатат. Ботокс ботулотоксиндин А тибиндеги тазаланган нейротоксиндик комплекси болуп саналат. Бул препарат булчуңдардын жыйрылышын шарттаган нейропептиддердин келип чыгышын токтотот. Мындайча айтканда, булчуңдун иштөөсүн азайтат. Аталган препарат жарым жылда бир сайылат да организмге эч кандай терс таасир этпейт", — деди Рахатбек кызы.
Дарыгер ботокс препараты кош бойлуу же бала эмизген аялдарга жана бул затты көтөрө албаган адамдарга сунушталбай турганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: