Экономист "дельта" штаммы кайсы өлкөлөр үчүн кооптуу экенин айтты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин коронавирустун "дельта" түрү дүйнөнү бир топ мүшкүлгө салышы мүмкүн экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Учурда тарап жаткан коронавирустун "дельта" штаммы көбүнчө COVID-19га каршы эмдөө төмөн деңгээлде жүргүзүлүп жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө коркунуч келтирет. Мындай пикирди Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкы экономисти Беата Яворчик билдиргенин РИА Новости жазды.
Индиялык штаммдан сактануу үчүн беш эсе көп антитело зарыл. Вирусологдун маеги
"Каралган божомолдор оптимизмге негиз болсо да эмдөөдө анча-мынча ийгиликке жетишкен өлкөлөргө жана эл аралык туризмден көз каранды экономикага өзгөчө чоң тобокелдиктерди жараткан COVID-19дун "дельта" түрүнүн жайылышы чоң көйгөй бойдон калууда", — деген Яворчик.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин коронавирустун "дельта" түрү дүйнөнү бир топ мүшкүлгө салышы мүмкүн экенин билдирген.