Бишкек: COVID-19га чалдыккан 17 жашка чейинки балдарды дарылаган жай ачылат

Коронавирус менен ооруган балдарды дарылаган бул жайдын Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин иштээрин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус менен ооруп калган 17 жашка чейинки балдарды жаткыра турган 90 орундуу жай ачылат. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун 2-базасындагы курч респиратордук оору жана пневмонияга шектелип дарыланууга алынган балдарды көрүү үчүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев барган.
"Министр аталган базада коронавирус менен ооруп калган 17 жашка чейинки балдарды жаткыра турган 90 орундуу жай ачууга тапшырма берди. Мындай тартип менен аталган борбор бүгүндөн тарта иштей баштайт. Ал үчүн 90 койка даярдалып жатат", — деп айтылган маалыматта.
Индияда балдардын коронавирустан кийинки оорусу жаралды
Эми COVID-19 диагнозу менен ооруган балдар аталган борборго жаткырылат. Жай Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин иштейт. Буга чейин коронавирус жана пневмонияга чалдыккан кичинекейлерди Жугуштуу илдеттер боюнча республикалык клиникалык ооруканада дарылап келишкен.
Эске салсак, Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу кардиоревматология жана аллергология бөлүмү борбордун 1-базасына (Жал кичи районуна кеткен аймактагы оорукана – ред.) которулуп, балдарды жаткыруу чектелген. Маалыматта ал жакка дарыгерлердин тез жардамына муктаж болгон кичинекей бейтаптар гана жаткырылары айтылды.