Мал кайтарып жүргөн. Кышында Чүйдөн жоголгон бала Таластан табылды

Адилет Данияров буга чейин да бир нече ирет үйүнөн качып, милиция кызматкерлери туугандарына жана реабилитациялык борборго өткөрүп бергени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Изделип жаткан 15 жаштагы Адилет Данияров Талас облусунан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Милиция буга чейин өспүрүм февраль айынан бери изделип жатканын билдирген. Баланын атайын эле качып кеткени белгилүү болду.
Жайылда 35 жаштагы Зумрад Болотова изделип жатат. Сүрөт
ШИИБ өспүрүмгө өткөн аптада издөө салган. Анткени баланын апасы милицияга арыз жазган эмес. Муну ал уулун айлап, жумалап жоголуп кетери менен түшүндүргөн. Адилет Данияров буга чейин да бир нече ирет үйүнөн качып, милиция кызматкерлери туугандарына жана реабилитациялык борборго өткөрүп бергени аныкталган.
Бул ирет өспүрүм Таластан табылып, анын алыскы туугандарынын бириникинде мал кайтарып жүргөнү аныкталды. Баланы милиция ата-энесине тапшырып берген.