Иштен кеткен британиялык министрдин көңүлдөшү жолдошу менен ажырашты

Улуу Британиянын буга чейинки саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок жардамчысы экөөнүн жеке мамилесине байланыштуу чуудан кийин отставкага кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын өткөн аптада отставкага кеткен саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкоктун жардамчысы жана көңүлдөшү Жина Коладанджело жолдошу менен ажырашты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
“Ал алгач жардамчы, андан соң министрликтин кеңешине мүчөлүк кызматынан кеткен. Эми жолдошу Оливер Тресс менен ажырашты. Үй-бүлөгө жакын адамдардын айтканына караганда, мурдагы министр менен жардамчысы мындан ары чогуу жашап, жаңы жашоо баштоону чечишкен”, — деп жазылат макалада.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын дагы бири жубайы менен ажырашты
Буга чейин Улуу Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок жардамчысы экөөнүн жеке мамилесине байланыштуу чуудан кийин отставкага кеткен. Буга анын жардамчысы менен кучакташып, өбүшүп турган сүрөтүнүн ЖМКларга жарыяланып кеткени себеп болгон. Маалыматка караганда, сүрөт ушул жылдын 6-майында министрликтин имаратында тартылган.
Коомчулукту үй-бүлөлүү адамдын башка аял менен мамиле куруп алгандан тышкары аны алгач жардамчы, андан соң министрликтин кеңешине мүчө кылып дайындап коюшу кыжырланткан. Отставкага кетип жаткан кезде министр үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, балдары менен болушу керектигин айткан эле.
Эске салсак, 42 жаштагы Мэтт Хэнкок жубайы Мартага 15 жыл мурда үйлөнүп, учурда экөө үч баланын ата-энеси. Министрдин көңүлдөшү 43 жаштагы Жина Коладанджело Oliver Bonas кийим-кече дүкөндөр тармагынын кожоюну Оливер Тресстин жубайы. Алардын дагы үч баласы бар.