Пресс-борбор

12-июлдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу боюнча эреже өзгөрөт

Азыр эгерде курсант автомектепти аяктагандан кийин экзаменди үч ирет тапшыра албай калса, кайрадан окууга жөнөтүлөт. Эки жумадан кийин бул талап такыр башкача болуп өзгөрмөкчү. 
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 12-июлдан тарта Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн теориялык жана практикалык экзамендерден кулап калгандарга автомектептен окубай эле кайра тапшыра берүүгө мүмкүндүк берген токтом күчүнө кирет. Бул туурасында министрлер кабинетинин документи даяр экендигин "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев айтты. 
"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп жатат, бул абалды кантип өзгөртүш керек" деп аталган брифингге катышкан. 
"Мурда кыргызстандыктарга үч мүмкүнчүлүк берилсе, ал эми азыркы 17-июндагы № 31 токтомдун негизинде (12-июлда күчүнө кирет) айдоочулук күбөлүктү алам дегендерге экзамен тапшыруунун саны чектелбейт. Башкача айтканда, эгерде кыргызстандык автомектепти бүтүп, жеке карточкасын алгандан кийин экзаменди үч ирет тапшырып, үчөөндө тең өтпөй калса, аны кайрадан окуганга жөнөтүшчү. Ал эми бул токтом күчүнө киргенден тарта киши канча ирет тапшырса да чектөө болбойт", — деди ал. 
Шералиевдин айтымында, мындай тажрыйба кошуна жана Европа өлкөлөрүнөн алынды.
Жолдун туура жеринен өткүлө! Эки күндө 140 жөө кишиге айып салынды
"Бул чечимди кабыл алуунун алдында чет мамлекеттердин тажрыйбасы каралды. Ар бир курсант өзүнүн билимин жогорулатышы керек, кайсы жерден ката кетиргендигин билиши зарыл. Муну менен катар эле кыргызстандыктардын кайрадан окуп кошумча чыгым болбошу да эске алынды", — деп белгилеген "Унаа" жетекчисинин орун басары.
Айтмакчы, Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алам деп экзамен тапшырып, ийгиликтүү өтүп кеткендердин көрсөткүчү эки эсеге азайып кеткен. 
Эске салсак, адам өмүрүн алган автокырсыктары көбөйүп кеткендиктен президент Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктардын алдын алып, эскертүү боюнча комплекстүү иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырган. Кийинчерээк мас болуп руль башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду.