Радио

Керимбаев: Ошту транзиттик хабга айлантууга мүмкүндүк бар

Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчөсү, жүк ташуучу, ишкер Авазбек Керимбаев Ош облусунда транзиттик хаб куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса жүк ташуу жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралат. Бул тууралуу Авазбек Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 22 жылдан бери жүрүп келүүдө.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу Кытайдын сунушу. Учурда Кытай — Казакстан — Россия транзиттик жолу бар. Буга алтернатива катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жолу зарыл. Бул аталган долбоорго катышкан өлкөнүн баарына пайда алып келет. Анткени Каспий деңизи аркылуу Түркия, Европага жол ачылат. Ошондой эле Өзбекстан, Пакистан, Афганистандын жүгүн биз аркылуу өткөрүүгө болот. Маселен, Кыргызстан Ошту жүк ташуучу хабга айлантууга мүмкүн болот. Аталган жолдун узундугу 170 чакырымды түзүп, эң жакын аралык болуп саналат. Өзбекстан дагы бул жолдун курулушуна кызыкдар болуп, каржы маселесин колго алууга даярдыгын белгилеп келет", — деди Керимбаев.
Ошондой эле ал кытай тарап Эркеч-Тамга чейинки жолду куруп койгонун кошумчалады.