Ардак кароол, атчандар кортежи. Жапаровду Бердымухамедов тосуп алган видео

Ашхабадда Кыргызстандын жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов расмий жолугушту. Жапаровду коштогон кортежди Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтынан Бердымухамедов тосуп алды.
Sputnik
Ардак кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырып, эки президент ротаны бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырды.
Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды
Буга чейинки маалыматтарда алардын эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, региондук, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара алака-катнаштын актуалдуу маселелерин талкуулашары айтылган.
Эске салсак, Жапаров бул күндөрү Түркмөнстанда расмий сапар менен жүрөт. Бүгүн түштөн кейин ал жактан чыгып Тажикстанга барат.