Ватикандагы жөргөмүш-адамдан тарта кулпунай сымал Айга чейин

Sputnik

Москвада аномалдык ысык аба ырайы катталып, 120 жыл илгерки рекорд жаңыртылды.

Миннеаполистин (АКШ) соту афроамерикалык Жорж Флойдду өлтүргөндүгү үчүн мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинди 22,5 жылга эркинен ажыратты.

КРдин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Ааламга таанылган атактуулардын атасы менен түшкөн 15 сүрөтү
Ялта жана Керчь шаарларында болгон нөшөрдөн улам суу ташкындап, үйлөрдү басты, инфраструктура жарактан чыкты.

Ватиканда Рим Папасына өзгөчө конок келди. Жөргөмүш-адамдай кийинген киши Лигурия шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Маттиа Виллардит болуп чыкты. Ал понтификке супер каармандын кийимин белек кылды.

Жер планетасынын жашоочулары кулпунай сымал Айга күбө болушту. Июнь айындагы алгачкы толгон Айды ушинтип атап коюшат.

Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт жана искусство музейинде "Сүйүү жана искусство" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.

1 / 20
Каракастагы (Венесуэла) студиянын чатырында Эл аралык йога күнүнө карата массалык сабак болду
2 / 20
22-июндагы эскерүү жана аза күтүү күнүндө РФтин президенти Владимир Путин Александровский багындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүл койду
3 / 20
Ватиканда Рим Папасына өзгөчө конок болуп келген жөргөмүш-адам Лигурия шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Маттиа Виллардит болуп чыкты. Ал понтификке супер каармандын кийимин белек кылды
4 / 20
Аптаптуу ысыкта Москва бассейнине келген коноктор. Москва аймагында аномалдуу ысык аба ырайы катталып, 120 жыл илгерки рекорд жаңыланды
5 / 20
Бишкекте журналисттер арасында өткөн снайпинг боюнча кичи мелдештин катышуучусу. Снайпинг бул алыскы аралыкка (200 метрден 2 чакырымга чейин) таамай тие турган жогорку сапаттагы дүрбүсү бар курал менен атуу оюну
6 / 20
Пил Таиланддын Хуахин шаарындагы үйдүн ашканасына тамак издеп баш бакты
7 / 20
Ала-Тоодон өткөн Бишкек — Ош жолунун трассасындагы айтылуу Төө-Ашуу ашуусу. Ал деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте жайгашкан. Бул Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири болуп эсептелет
8 / 20
Лондондогу Лестер-скверде өткөн Англия жана Шотландия курама командаларынын футбол боюнча беттешиндеги шотландиялык күйөрмандар. Курама командалар Евро-2020 мелдешинин тайпалык этабында кез келип, беттеш тең чыгуу (0:0) менен аяктады
9 / 20
КРдин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен Бишкектеги эмдөө пункттарынын биринде коронавируска каршы вакцина алды
10 / 20
Бразилиянын Пакета аралында жаштар эс алып жатышат
11 / 20
Жаш жубайлардын үлпөт тойдогу сүрөтү Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт жана искусство музейинде ачылган "Сүйүү жана искусство" аттуу фотокөргөзмөгө коюлду. Аны кыргызстандык сүрөтчү Иван Попов тарткан
12 / 20
Мэкэледе эфиопиялык кыз салттуу инжир нанын жасап жатат
13 / 20
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын экспортко кетүүчү товарларынын көргөзмөсүнө катышты. Өлкө башчысы 27-28-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болду. Андан кийин ал Тажикстанга расмий сапары менен барат
14 / 20
Миннеаполистин (АКШ) соту мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинди афроамерикалык Жорж Флойдду өлтүргөн деп айыптап, 22,5 жылга эркинен ажыратты. Жорждун өлүмү бүтүндөй АКШнын аймагында массалык нааразычылыктарды жана башаламандыкты жараткан. Мындан сырткары, полицияны реформалоо талабы көтөрүлгөн
15 / 20
Даккада (Бангладеш) нөшөрдө калган кыз жашынаарга жай издеп жатат
16 / 20
Ялтада суу каптоодо талкаланган көчөнү калыбына келтирип жаткан жумушчулар. 17-июнда Крымда катуу жаан жаап, жарым аралдын чыгыш тарабындагы Керчь шаарын суу каптады. Нөшөр эртеси күнү Ялтага да жетти. Дарыяларда суу нугунан ашып, көчөлөрдү жана үйлөрдү каптады
17 / 20
Жакартанын (Индонезия) ооруканасында COVID-19 илдетине чалдыккан бейтап
18 / 20
Бетине Палестинанын желегин тартып алган кичинекей кыз Израилдин бомбалоосунда кыйраган Бейт Лахия шаарындагы имараттардын арасында ойноп жүрөт
Израиль менен Газа секторунун ортосундагы жаңжал 10-майда курчуган. Ракеталык аткылоодо 200 киши каза болгон. Дагы миңден ашык адам жаракат алган
19 / 20
Барселонадагы (Испания) пляж. Сүйүшкөндөр
20 / 20
Июнь айындагы алгачкы толгон ай 24-июнда түнкү асманды көрккө бөлөдү. Кулпунай сымал толгон Ай быйылкы жылдагы үчүнчү жана акыркы көрүнүш. Мындай кубулушту спутник толук фазада болуп, жерге аябай жакындаган учурда байкоого болот.