Өзбекстан президенти абактагы кыйноону токтотуу үчүн жаңы токтом чыгарды

Токтомду ишке ашыруу үчүн Адам укуктары боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү, атайын даярдыктан өткөн медиктер, журналисттер сыяктуу адистер кирген коомдук топ түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өзбекстанда абактардагы кыйноолорду алдын алуу үчүн жарандык коомдон турган топтор түзүлүп, ал маал-маалы менен убактылуу кармоо жайынан тарта түзөтүү колонияларына чейин кыдырып турмай болду. Мындай токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Максаты — жаза өтөп жаткан адамдардын абак ичинде кыйноого учурашын алдын алуу, алар тараптан болгон кайрылуулар боюнча иш алып баруу.
"Жарандык коомдон турган топ жаза өтөө мекемелеринде мониторинг жүргүзүп, ал жактагыларга зарыл болгон учурда социалдык, психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүп турмакчы", — деп айтылат кабарда.
Аталган топко Адам укуктары боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү, атайын даярдыктан өткөн медиктер, журналисттер сыяктуу адистер кирет.