"Сары-Өзөн" базарында үч кафе, сегиз кампа күйүп кетти. Өрттүн видеосу

Кырсык дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Анын кесепетинен жалпы 1 200 чарчы метр жер күйүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Сары-Өзөн" ("Дыйкан") базарынын аймагында түндө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрт дүйшөмбүгө караган түнү чыккан. Жалын үч кафеге, жашылча-жемиш саткан сегиз кампага жана сулуулук салонуна жармашкан. Кырсыктын кесепетинен 1 200 чарчы метр жер күйүп кеткен.
Окуянын видеосу ӨКМдин Facebook баракчасына жарыяланды.
Өрттү өчүрүүгө үч бригада тартылып, саат 03:46да жалын толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыккан себеби такталып жатат.