Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунда эреже бузулганын көрдүңүзбү? Кабарлаңыз

Добуш берип жаткан жаран. Архив
Муниципалитеттен административдик ресурс колдонулган фактылар жана мэрия кызматкерлеринин шайлоонун жүрүшүнө кийигишүүсү боюнча да даттанууга болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык кеңештин шайлоосуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө мыйзам бузулган учурлар катталса каякка кабарлоо керектигин жарыялады.
Шайлоо 11-июль күнү өтөт. 45 мандат үчүн 18 партиянын өкүлү ат салышып жатат.
Муниципалитеттен административдик ресурс колдонулган фактылар жана мэрия кызматкерлеринин шайлоонун жүрүшүнө кийигишүүсү боюнча да даттанууга болорун айтышты.
Номерлер:
Көрсөтүлгөн номерлерге WhatsApp аркылуу да сүрөт жана видеофактыларды жөнөтүүгө болот.