Лондондун чок ортосунда жарылуу болду. Видео

Окуянын күбөлөрү телефон будкасы, автоунаалар, коммерциялык курулуштар жалындын кучагында калганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Лондон шаарындагы Elephant & Castle метросунун станциясындагы өрттү 10 бригада өчүрүүдө. Ал жерде бир нече объектилер күйүп жатканын РИА Новости кабарлады.
Окуянын күбөлөрү телефон будкасы, автоунаалар, коммерциялык курулуштар жалындын кучагында калганын айтышкан.
"Темир жол артындагы коммерциялык үч объект, төрт автоунаа жана #ElephantandCastle темир жол бекетиндеги телефон будкасы өрттөнүп жатат. Жолдор жабылып, элге кырсык болгон жерден айланып өтүүнү эскертишүүдө", — деп айтылган өрт өчүрүү кызматынын Twitter баракчасында.
Учурда тилсиз жоо менен 70 өрт өчүрүүчү күрөшүп, 10 атайын автоунаанын иштеп жатканы айтылды.