Лавров АКШ, Европа, тышкы саясат жана өзгөрүлмөлүү позициялар туурасында

Тышкы иштер министри Лавров батыштын "эрежелерге таянып дүйнөгө тартип орнотуу" концепциясын "калабалуу 90-жылдарга" салыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун "Коммерсант" басылмасы менен "Россия в глобальной политике" журналына чыккан макаласында геосаясат, Россия менен АКШ жана Батыштын мамилеси, океан ары жагындагы өзгөрүлмөлүү тышкы саясат тууралуу кеп кылган.
Министр батыштын "эрежелерге таянып дүйнөгө тартип орнотуу" концепциясын "калабалуу 90-жылдарга" салыштырды.
Макалада автор июнда өткөн НАТО менен Чоң жетиликтин саммитинде даярдыктын кандай болгонун баамынан өткөргөн. Батыш болуп көрбөгөндөй бирдиктүү боло калып "эл аралык иштерде туура деген нерсени жасайбыз, ал эми башкалар — Россия менен Кытай көрсөтүлгөн багытка бет алууга аргасыз" деген нерсени баарына туюнткусу келди деген пикирин айткан. Эки саммиттин тең жыйынтыктоочу документтеринде "эрежелерге таянып дүйнөгө тартип орнотуу" концепциясын алдыга жылдырып, аны эл аралык укуктун, ири алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун бекитилген уставына теңтайлаштыра коюу дымагы турат.
Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп
"Батыш өзүнүн "эрежелерин" чечмелеп берүүдөн жана алар эмнеге керек деген суроодон сыр билдирбей акырын жылып кетти. Эгерде баары кол коюп, колдогон, мамлекеттердин милдеттенмелери жана аларды колдонуу механизмдери кашкайта жазылган эл аралык миңдеген укуктук инструменттер турса, ал "эреженин" эмне кереги бар. Батыштын "эрежелеринин" "артыкчылыгы" — андагы конкретиканын жоктугу. Кимдир бирөө Батыштын эркине баш көтөрүп, сөз айтып чыкса, бардыгы курулай "эрежелердин бузулушу" (факты деле көрсөтпөйт) туурасында билдирүү жасап чыгышат. "Тартип бузуучуну жазалай турган укугун" жар салат. Конкретиканын аздыгынан өзүм билемдиктин "колу-жолу" бош болуп, анда атаандаштарды таза эмес ыкмалар менен кармап туруу кызыкчылыгы орун алат. Россияда калабалуу 90-жылдары бул "түшүнүк менен жашоо" деп айтылчу", — деген Лавров.
Лавров Европа биримдигинин Россия менен саммитти эмне үчүн күм-жам кылганын да түшүндүрүп берди.
Дипломаттын айтымында, Европадагы русофобдордун позициясынан улам Франция менен Германиянын РФ менен саммит өткөрүү идеясы жаралбай жатып эле "жайрап" калган.
"Анткен менен Евробиримдиктин позициясын көп учурда орустардан корккон азчылык аныктап коюп жатат. Бул Россия менен келечектеги алаканы талкуулаган 24-25-июнда өткөн Брюсселдеги Европа биримдигинин саммитинде түшүнүктүү болду. Ангела Меркель жана Эммануэль Макрондун Владимир Путин менен жолугуу демилгеси жаралбай жатып эле өчүп калды", — деп жазган Лавров.
"Долбоорго кийин кайтабыз...". Байденге Германия Путин менен кезигерде керек
Министрдин айтымында, Россия, АКШнын президенттери Владимир Путин менен Жо Байдендин 16-июнда Женевадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин "ЕБ жана НАТО лидерлери алардын ишинде Россия боюнча эч нерсе өзгөргөн жок деген билдирүү жасады. Ага кошумча Москва менен мамиленин начарлашына даяр экендигин айтып жиберип, шашып кетишти".
"Баяндамачылар АКШ Женевадагы Россия-Америка саммитинин өзү бул демилгеге жашыл жарык бергендигин, бирок Балтика боюндагылар польшалыктар менен Берлин, Париждин (Германия менен Франциянын элчилерин Киевде Украина ТИМи чакырып алып, бул "өзүм билемдикти" түшүндүрүп берүүнү талап кылган) "өздүк чыгармачылыгын" тушагандыгын белгилешти. Брюсселдеги дискуссиянын жыйынтыгы Еврокомиссия менен европалык тышкы саясат кызматына Москвага каршы жаңы санкцияларды иштеп чыгуу тапшырмасы болду. Азырынча ага шылтоо жок, бирок даярданып коюш үчүн жасалды. Эгер каалашса бир нерсени ойлоп табышат", — деп жазган министр.
Лавров АКШнын Женевадагы саммиттен кийин Россия боюнча түзүлгөн позициясын сындады.
Министр АКШнын президенттери Владимир Путин менен Жо Байдендин Женевадагы саммитинен кийин Вашингтондун билдирүүсү эки мамлекет башчы жолугушууда Америка ээлеген позицияга такыр жооп бербей тургандыгын жазды.

Россия дипломатиясынын башчысы Путин менен Байдендин диалогу

Министр стратегиялык туруктуулукту баштоо — өзөктүк согушка жол бербөөнү констатация кылган маанилүү нерсе, бир пикирге келишүү менен аяктагандыгын эске салды.
Лавров киберкоопсуздук, дипломатиялык миссиялардын ишмердүүлүгү, эки өлкөнүн камактагы жарандарынын тагдыры, андан сырткары, аймактык чатак көйгөйү боюнча кеп-сөзгө келип, консультацияларды жүргүзүүнүн маанилүү экендигин эки тарап тең түшүнгөнүн жазган.
Ал президент Путин ар бир багыттын жыйынтыгы "эки тараптуу кызыкчылыктар теңдешкенде гана" жыйынтык чыгарын так айтып, белгилеген. Министр, ал жерде Америка тараптан эч кандай нааразычылык айтылбаганын кошумчалады.
Россия британиялык эсминецтин чагымчыл аракетине кескин жооп кайтарды. Себеби
"Бирок анын аякташы менен америкалык расмий өкүлдөр, анын ичинен Женевадагы жолугушуунун катышуучулары мурдагы нерселерин кайра кайталай баштады. Биз Москвадан "талаптарды айтып, так эскертип, белгилеп" турган экенбиз. Бул "эскертүүлөрдүн" бардыгы эгерде Москва "бир нече айдын ичинде" Женевада алар айткан "оюндун эрежелерин" кабыл албаса, жаңы кысымга кабылат деген опузалоо менен коштолду", — деп жазган Лавров.
Дипломат сүйлөшүүлөрдөн кийинки Вашингтондун позициясы менен айтылган жыйынтыкты европалык борборлор "улуу агасынын" айткандарын илип кетип, андан ары коштоп "ырдай" баштады деп сүрөттөгөн.
"Мааниси: Москва менен мамилени жөндөөгө даярбыз, бирок ал өзүнүн тартибин өзгөртүшү керек деген нерсе болду", — деп белгилеген Лавров.
Министрдин пикирине караганда, америкалык аткаминерлердин айткандарын токтоосуз аткарып, андан ары улап кеткен европалык өлкөлөрдүн позициясын орус-америка жолугушуусуна чейин эле Корнуоллдеги G7, Брюсселдеги НАТО саммитинде иштеп чыгып, даярдап беришкен. Андан сырткары, Байдендин Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель жана Еврокомиссия төрайымы Урсула фон дер Ляйендин сүйлөшүүсүндө бекитишкен.