Кыргызстандык Тилек Машрапов ACA мушкерлер лигасы менен келишим түздү

Спортчунун менеджери ал аталган лиганын расмий мушкери болгонун белгиледи. Атлет 29-июнда уюмдагы алгачкы беттешине чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Тилек Машрапов ACA (ABSOLUTE CHAMPIONSHIP AKHMAT) уюму менен келишим түздү. Бул тууралуу спортчунун менеджери Айбек Мусаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Менеджер спортчуну аталган лиганын расмий мушкери болгонун белгиледи.
"ACA JFCMANAGEMENT. Биз алты беттешке келишим түздүк. Эми Тилек Машрапов ABSOLUTE CHAMPIONSHIP AKHMAT лигасынын расмий мушкери болду", — деди ал.
Машрапов уюмдун жарым орто салмак (77 килограмм) категориясында күч сынашат. Ал эртең, 29-июнда, промоушендин Сочи шаарында (Россия) өтө турган кезектеги мелдешинин экинчи башкы беттешинде лиганын атактуу атлети Али Багов менен кез келет. 
Тилек Машрапов Titan FC, Sparta Combat League, Northwest League of Combat Sambo уюмдарынын мелдештерине катышкан. Жалпысынан ММА спортунда 14 беттешке чыгып, 10 атаандашын мөөнөтүнөн мурда уткан. Төрт ирет жеңилген.