1 081 киши COVID жугузуп, 1 054 бейтап оор абалда. Статистика

Азыркы тапта 3 123 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 128 бейтап өтө оор абалда деп айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө жалпы 1 081 кишиден коронавирус аныкталып, 488 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 121 946га жетти. Анын ичинен 108 953 киши дартты жеңди.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде коронавирус беш адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынан, Ош шаары менен Жалал-Абад облусунан бирден өлүм учуру катталды. Жалпысынан дарттан 1 982 адам көз жумду.
Азыркы тапта 3 123 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 128 бейтап өтө оор абалда деп айтылды.