Күйөрмандын айынан. Жолдо биринин үстүнө бири кулаган велоспортчулардын видеосу

Бир нече күнгө созулчу "Тур де Франс" веложарышынын алгачкы күнү массалык авария менен коштолду.
Sputnik
Окуя мелдештин Брест — Ландерно этабындагы бөлүгүндө катталды. Кадрдан көрүнүп тургандай, жоон топтун алдыңкы сабында келе жаткан спортчулардын бири белгиленген чектин ичине кирип алып баннер кармап турган күйөрманды сүзүп алган.
Камера көтөргөн оператор жөө күлүктөрдөн озуп, таң калтырды. Вирустук видео
Кырсыкта алдыңкы сапта келген эки веложарышчы катуу жабыркаган. Кулагандардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, жарыш уланганы айтылды.
108-ирет өтүп жаткан "Тур де Франс" мелдеши кечээ башталган. Ал 18-июлда аяктайт.