БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Масктын байлыгы өткөн аптанын аягында 9,9 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Forbes журналынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Tesla акциялары өткөн аптанын аягында 7,8 пайызга кыматтаган.
Forbes тизмеси боюнча эки апта мурда дүйнөдөгү бай адамдардын сап башына Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос чыккан. Анын байлыгы 193,5 миллиард доллар. Экинчи орунда LVMH мода үйүнүн кожоюну Бернар Арно турат. Анын капчыгында 192,9 миллиард доллар бар.