Болбосо локдаун. ДССУ өкүлү коронавирустун "дельта" түрүнүн кесепетин айтты

ДССУ өкүлү коронавируска каршы вакцина оорунун оор түрдө өтүшүн алдын ала турганын дагы бир жолу айтып, эмдөө вирустун кенен жайылышына жол бербей турганын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. ДССУнун Россиядагы расмий өкүлү Мелита Вуйнович "Соловьев Live" YouTube каналынын эфиринде коронавирустун "дельта-плюс" деп аталган жаңы түрү локдаундардын кезектеги толкунуна жеткириши ыктымал экенин айтканын РИА Новости жазды.
"Тез аранын ичинде коронавирус менен күрөшүүгө бардык күчтү жумшабасак, кайрадан локдаун болуп калышы мүмкүн", — деди Вуйнович.
Индиялык штаммдан сактануу үчүн беш эсе көп антитело зарыл. Вирусологдун маеги
Анын айтымында, ДССУ коронавирустун "дельта плюс" түрү кырдаалды кыйындатып жибериши ыктымал деп эсептейт. Анткени инфекциянын бул түрү организмде бир топ клетканы талкалайт. Учурда оору жуктургандардын саны күн санап өсүүдө.
Вуйнович ДССУ мындай учурда кандайдыр бир божомол айтуудан карманып турарын белгилеген. ДССУ өкүлү коронавируска каршы вакцина оорунун оор өтүшүн алдын ала турганын дагы бир жолу айтып, эмдөө вирустун кенен жайылышына жол бербей турганын эскерткен.
Белгилей кетсек, коронавирустун Индияда табылган "дельта" деп аталган түрүнүн өтө тез жугары аныкталган.