COVID: Бишкектин ооруканаларында 100дөн ашуун бош орун бар

Бош орундардын көбү Аскер госпиталы менен №1 шаардык клиникалык ооруканасында. Кээ бир стационарларда бирден гана орун бош.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларында 124 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн, 28-июнь, саат 8:00гө карата берилди.