БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларындагы азык-түлүктүн баасын чыгарды.
Маалыматтар үстүбүздөгү жылдын апрелине карата алынган.
Ага ылайык, биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата эң жогорку баа Москвада. Бир гана жумуртка арзаныраак.
Ал эми кой эти, ак (каймак) май жана биринчи сорттогу ун Бишкекте баарынан арзан болуп чыккан.