Быйыл ЖРТны 44 416 адам тапшырды. Түрдүү себептерден улам тестирлөөгө катышпай калган 500дөн ашык адам 22-23-июнда сынакка кирди. Мындай маалыматты Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өткөн тестирлөөнүн жыйынтыгына пандемия шартында окуунун таасири тийип-тийбегени анализденет.
"Жалпы республикалык тестирлөө ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бардык окуучулар ЖРТнын жыйынтыгын колуна алып, абитуриент катары жогорку окуу жайларына тапшыруу алдында турушат. Тестирлөөгө пандемиянын тийгизген таасири тууралуу суроолор бизди тынчсыздандырып турду. Учурда бул маселе боюнча терең анализ жүргүзүлө элек. Биздин негизги милдетибиз балдардын сертификаттарын колуна берүү болду. Быйыл ЖРТны 44 416 адам тапшырды. Түрдүү себептер менен кечигип тапшыргандарды эсептебегенде орточо көрсөткүч 120,5 баллды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 баллга жогору. ЖРТнын максаты — балдардын билиминин деңгээлин эмес, жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо болуп эсептелет. Тестирлөөдөн эң жогорку, 245 балл алуу мүмкүн", — деди Батракеева.
Ошондой эле адис Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын кээ бир чет өлкөлүк окуу жайлары таанып, чакырууларды жөнөтүп жатканы кубандырарын кошумчалады.