Гүл менен нан көтөргөн бөбөктөр. Жапаровдун учагы Ашхабад шаарына конду. Видео

Расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүп, бир катар иш-чараларга катышат. 
Sputnik
Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) жетип, аны аэропорттон гүл жана нан менен тосуп алышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.  
1 / 3
Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) жетип, аны аэропорттон гүл жана нан менен тосуп алышты
2 / 3
Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилгенин көрүүгө болот
3 / 3
Президент бул өлкөгө бүгүн эртең менен учуп кеткен. Расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат. 
“Садыр Жапаровду Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды”, — деп айтылат билдирүүдө.  
Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилгенин көрүүгө болот.  
Президент бул өлкөгө бүгүн эртең менен учуп кеткен. Расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.