Индиялык штаммдан сактануу үчүн беш эсе көп антитело зарыл. Вирусологдун маеги

Ухань тибиндеги коронавирус былтыр күздөн бери өзгөрө баштаган. Алгач бул дүйнөгө таркай баштаган мурдагыдан да кооптуу жана агрессивдүү британиялык штамм эле. Вирус өзүнө жагымдуу жагдайга түшүп, андан ары ар бир өлкөдө өз мутациясы башталды.
Sputnik
Врач-инфекционист Евгений Тимаков COVID-19дун индиялык штаммы эмне үчүн кооптуу экенин түшүндүрүп, эмдөө толук жүргүзүлгөн соң аны жуктуруп алууга мүмкүн болуп-болбогонун жана пандемияны качан толук токтотууга болорун айтып берди.
"Вирус болжонгондон да бачым мутацияланууда. Мурдагы штаммдары биздин иммундук тоскоолдуктардан өтө алчу эмес. Ооба, алар патогендүү келип, постковиддик оор синдромдорду жаратчу. Бирок калктын 30 пайызы вируска кезиккенде, ал түгүл бейтаптар менен тыгыз байланышта болсо да жуктурчу эмес. Вируска бул көрүнүш жакпай, ал өзгөчөлүктөрүн өзгөртүп, бизге ыңгайлаша баштады", — деп айтып берди Sputnik агенттигине инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты, "Лидер-медицина" медициналык борборунун башкы врачы Евгений Тимаков.
Ухань тибиндеги коронавирус былтыр күздөн бери өзгөрө баштаган. Адегенде бул дүйнөгө таркай баштаган мурдагыдан да кооптуу жана агрессивдүү британиялык штамм эле. Вирус өзүнө жагымдуу жагдайга түшүп, андан ары ар бир өлкөдө өз мутациясы башталды.
"Эпидемиологиялык жактан маанилүү мутациялар, тагыраак, сибирь жана түндүк батыштык штаммдар Россияда да болду. Бирок алар кеңири жайылбады, анчалык патогендүү болушкан жок. Ал эми аптаптуу өлкөлөрдөгү бразилиялык, түштүк африкалык, индиялык штаммдары ушунчалык катуу өзгөрүп отуруп, абдан кооптуу түргө айланды. Ушул тапта индиялык штамм эң патогендүү болуп турат, ушул убакыт аралыгында эле ал беш мутацияга ээ болду", — деп түшүндүрдү инфекционист.
Тимаковдун айтымында, анын кооптуулугу - адамдын иммундук бөгөттөрүнөн айланып өтүп, иммунитеттен жашырынып, илдеттин клиникалык картинасын өзгөртө алганында. Вирус кадимки сасык тумоодой "амалданып", бирок олуттуу абалга кептеши мүмкүн.
ДССУ: коронавирустун "дельта" түрү дүйнөнү бир топ мүшкүлгө салышы мүмкүн
Евгений Тимаков маселе аны токтотууда эмес, кеп анын калктын жыштыгында, айрыкча өзүнө ыңгайлуу шарттарда ансыз да даярдыксыз иммундук тоскоолдуктардан буйтап өтө алчу азыркыдан да опурталдуу штаммды жаратып албоодо.
"Ал эми булар – иммунитети алсыраган, коронавирустук инфекцияга иммунитети түптөлүп, бирок кайрадан жуктурган адамдар. Жаңы штамм ал иммунитетти жеңип өтүп, баары бир жуккан. Биз күбө болуп тургандай, Индияда "дельта" штаммдан тышкары, андан да активдүү "дельта+" штаммы түзүлдү.
Кеп эми андан сактанууда эмес, дагы далай жыл чочулап отурбаш үчүн пандемияны кантип бүтүрүү керектигинде. Бул үчүн адамдардын организминде вирусту нейтралдаштыруучу активдүү антителолор иштелип чыгууга тийиш", - дейт инфекционист. COVID-19ду жуктуруп албоо үчүн организмде кеминде эле нормадан беш эсе жогору антитело болушу абзел экенин белгилейт Тимаков. Ошону менен бирге эле антителонун азайышын күтпөстөн, эмделүүгө кеңеш берет. Анын айтымында, антитело көп болуп турганда да вакцина алууга болот. Көптөгөн өлкөлөрдөгү жана аянтчалардагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул – коопсуз.
Евгений Тимаков "Спутник V" абдан эффективдүү, ал илдет жуктуруп айыккандан да арбын антителону жаратат.
"Вакциналардын баары, "Спутник" эле эмес, платформалар ооруп сакайган организмге караганда вирусту жок кылуучу антителолорду 1,3 – 1,5 эсеге көбүрөөк иштеп чыгат. Вакцина организмге алда канча майнаптуу таасир этет, - дейт адис. – Ооруп, жасалма дем алдырууга дейре жетип калуу гана эмес, ковидден кийинки синдром да коркунучтуу. 50 жаштан өйдөңкү адамдар арасында бул ар бир экинчи кишиде тигил же бул формада байкалат. Ал канга, кандын клеткасына, эндотелия, тамыр, нерв тутуму, дегеле биздин бардык организмдерге таасир этет. Мунун баары ковиддин кесепети. Ага кабылбаш үчүн вакцина – бирден-бир даба".
Вакцинанын өзү вируска ээ эмес, айланадагыларга жугуштуу эмес экенин кошумчалады Тимаков. Бирок эмделген адам да вакцинанын биринчи жана экинчи ченеминин ортосунда вирусту нейтралдаштыруучу антителолорду иштеп чыга албайт. Ошондуктан ооруп калышы ыктымал. Бул эмделгендердин 2ден 30 пайызга чейинкилерине гана тиешелүү, бирок илдет жугушу мүмкүн экенин түшүндүрөт дарыгер.
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат
"Вакцинанын эки ченеминен кийин деле адам ооруга кабылышы ыктымал, бирок вакцина бейтапты ооруканага түшүргүдөй өтүшүп кетишинен сактайт. Дал эмделген адамдар ооруну жеңил өткөрөт, кээде адам ковид экенин деле туйбай калат",— дейт Евгений Тимаков.
Анын айтымында, бирок бул организмде вирустун жоктугун туюндурбайт. Тегеректеги адамдарга эмделген адам кабылган коронавирустук инфекция да баары бир кооптуу болуп саналат.
Медик Россия жана постсоветтик өлкөлөрдүн бир тобу эмдөөдө абдан артта калганын белгиледи. Болгону 10 пайыз гана эмделди. Азыр айрым мамлекеттердин бийлиги көрүп жаткан эмдөөнү активдештирүү чаралары өзүн актап жатканын айтат вирусолог.
Баштапкы эмдөө туруктуу жүргүзүлө баштаганда гана коронавирус пандемиясын биротоло жеңүүгө болорун баса белгилейт Евгений Тимаков. Ал эми кийин вирусту жок кылуучу антителолорду бир жолку вакцина менен кармап тура алабыз. Анын пикиринде, ага кеминде эки жыл сарпталат.
"Вирус бизге биротоло көнүп, ал эми бизде жамааттык иммунитет иштелип чыгышы шарт", — деп сөзүн жыйынтыктады дарыгер.