Вакцина алгандан кийин кимдер COVID менен ооруп калат. Адистердин түшүндүрмөсү

Министрлик калктын 70 пайызы эмделип бүтмөйүн бир дагы вакцина вирустан 100 пайызга коргой албай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Вакцина алгандан кийин да COVID-19 менен оругандар катталууда, бирок андай учур чанда гана кездешет. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адистерге таянуу менен билдирди.
Анда эмделген жарандар ооруп калса дартты жеңил көтөрө турганы белгиленген.
"Жалпысынан айтканда оору көптөгөн факторлорго таасир этет, анын ичинде организмдин абалына дагы карайт. Жадагалса жакында эле вакцина алган адам вирус бар киши менен байланышса өнөкөт жана курч оорулардын өрчүп кетүү кооптуулугу жогору болот. Ошол эле учурда вакцинация ооруну жуктурууга эле эмес, инфекциянын оор формасына өтүп кетишине бөгөт коёт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлик учурда Кыргызстанда колдонулуп жаткан Sinopharm вакцинасы 80 пайыз, ал эми "Спутник V" 95 пайыз эффективдүү экенин белгилейт. Андыктан калктын 70 пайызы эмделип иммунитет иштелип чыкмайынча бир дагы вакцина вирустан 100 пайызга коргой албай турганы айтылды.