Садыр Жапаров Ашхабадга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

Мамлекет башчы Түркмөнстандын президенти менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты
Эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген.
Аны менен катар мамлекет башчы кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.
Мындан тышкары, Түркмөнстандын тунгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана Turkmenbashynin Ruhy Metjidi мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.
Расмий делегациясынын курамы: