Садыр Жапаров Ашхабаддагы сапарын мечитке барып, бак отургузуу менен баштады

Күмбөз менен мечит Ашхабад шаарына жакын жерде, Сапармурат Ниязов туулган Кыпчак айылында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга расмий сапарын өлкөнүн тунгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана Turkmenbashynin Ruhy Metjidi ("Түркмөнбашынын рухий мечити") мечитине зыярат кылуудан баштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Күмбөз менен мечит Ашхабад шаарына жакын жерде, Ниязов туулган Кыпчак айылында жайгашкан.
Гүл менен нан көтөргөн бөбөктөр. Жапаровдун учагы Ашхабад шаарына конду. Видео
Күмбөздө Президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасынын коштоосунда Сапармурат Ниязовдун 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болгон энеси менен эки бир тууганынын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Тунгуч президент өзү да ушул жерге коюлган.
Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулыев каза болгондорго багыштап куран окуду.
Алардын жаркын элесине таазим эткен соң мамлекет башчысы 10 миңдей адам бата турган өлкөдөгү эң чоң мечит – "Түркмөнбашынын рухий мечити" менен таанышты.
Андан кийин Ардак кароол ротасынын коштоосунда Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, бул жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду. Аллея Түркмөнстандын жүргүзүп жаткан тынчтык, достук жана ынак коңшулук саясатын символдоштурат.