Ошто дарыяга кулап кеткен Porter унаасындагы эки аялдын сөөгү табылды

Окуя тууралуу жума күнү маалымдалган. Машинанын ичиндеги беш кишинин экөө аман калып, үч жүргүнчүсү изделип жаткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыяына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги эки аялдын сөөгү табылды
Эскерте кетсек, кырсык 24-июнда саат 22.00дөр чамасында болгон. Анда айдоочу Көңдүк айылындагы "Асыран бий" көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаганы айтылган. Машинанын ичиндеги айдоочу менен өспүрүм баланы жергиликтүү тургундар аман алып калып, дагы үч киши изделип жаткан болчу.
"Суудан 37 жана 28 жаштагы эки аялдын сөөгү табылды. Төрт жашар кызды издөө улантылууда", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине 19 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана 40тай жергиликтүү тургун тартылган.