1000ден ашык кишинин абалы оор, алтоо көз жумду. COVID статистикасы 

Кыргызстанда COVID менен ооругандардын саны көбөйүп, соңку суткада вируска миңге чукул киши кабылды. Учурда 1 026 бейтаптын абалы оор деп бааланууда. 
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Соңку суткада Кыргызстанда COVID 992 адамдан табылып, алты бейтап көз жумду. Ал эми сакайып кеткендердин саны 550гө жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жуктургандар: 
Сакайгандар: 
Тилекке каршы, вирус өткөн суткада алты кишинин өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 1 977ге жетти.
Республика боюнча COVID-19 башталгандан бери жалпысынан 120 865 киши вирус жуктурду. Анын ичинен 108 465 киши сакайып кетти. 
Стационарларда ушул тапта 2 995 киши дарыланып жатат. Анын ичинен 899унун абалы оор, 127 киши өтө оор абалда жатат.