Радио

Эшенбаев: "Ынтымак" паркына жаңы фонтан курулат

Бишкек шаарынын чарба департаментинин жетекчиси Нурлан Эшенбаев муниципалитетке караштуу 17 фонтан бар экенин айтты.
Sputnik
"Ынтымак" паркында жаңы фонтан ачылат. Курулуш иштерин быйыл бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган фонтандын диаметри 40 метр болот.
"Борбор калаага тиешелүү 17 фонтан бар. Анын бирөө жайгашкан жер арендада болгону менен фонтандын өзү муниципалитеттин көзөмөлүндө. Иш графигине ылайык, алардын бардыгы ар жылдын 1-майынан октябрь айына чейин иштеп турат. Апрель ичи ремонт иштери жасалат. Фонтандар чыгымы көп эстетикалык кооздук болгондуктан башка чет мамлекеттердегидей заманбаптарын курууга азырынча чама-чаркыбыз келбей турат. Ошентсе да быйыл "Ынтымак" эс алуу багында жаңы фонтандын ишке берилүүсү пландалып жатат. Аны да алгач өзгөчө кылып жасоо каралган эле, тилекке каршы, каржы маселесинен улам жөнөкөйлөштүрүлдү", — деди Эшенбаев.
Ал Кыргызстан тоолуу өлкө болуп абасы кургак келгендиктен жай мезгилинде фонтандардын пайдасы зор экенин кошумчалады.