Кыргызстандын муфтийи шайланды

Жаңы муфтий Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан, ага чейин муфтийдин орун басары болгону маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп Замир Ракиев бекиди. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Аймактардан келген делегаттар анын талапкерлигин бир добуштан жактырып, бекитишкен.
Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси
Учурда Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүүдө. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийден сырткары, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлайт. 
Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан, ага чейин муфтийдин орун басары болчу. Ал 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен чыгыш таануучу — магистр адистигине ээ болгон.